Домой Саясат Наргозуев Жээнбековду «жээрийби»?

Наргозуев Жээнбековду «жээрийби»?

4

Наргозуев БегалыМурдагы «ак жолчу» депутат, учурдагы оппозиционер Бегалы Наргозуев БОК лидери Равшан Жээнбековго ишенбейт экен. Ал Нарындагы «ОБОНдун» төрайымы Бактыгүл Жумабаева менен болгон жолугушууда агынан жарылып, Р.Жээнбековдун оппозициянын радикалдуу кадамдарга баруусун колдобой жатканын айтып, ал эгер майлуу-сүттүү кызмат сунушталса «аный» дебей кете бериши ыктымалдыгын баса белгилептир. Жалпы коомчулуктан, өзү таянган АКШдагы кожоюндарынан колдоо таппаган Равшан Бабырбекович санаалаштарынын ишениминен чыга баштаса, иштин бүткөнү ушул турбайбы.

Айбат гезити №118