Домой Саясат Нариман Түлеев анын иши боюнча айыпталып аткандарды бошотууну суранды

Нариман Түлеев анын иши боюнча айыпталып аткандарды бошотууну суранды

3

Нариман Тулеев

“Менин мурдагы коллегаларымды бошотуп, аларды айыптабоону суранам. Анткени алар мен үчүн гана кыйналышууда”. Мындай пикирин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев бүгүн, 17-июлда Ленин райондук сотунда билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын бардык айыптоолору далилсиз. Андан сырткары Валерий Корниенко менен Бакыт Сыдыковду бошотууну суранды.

“Аларга берилүүчү мөөнөттү мага кошкула. Алар жаш, алардын жашоосу дагы алдыда. Мен болсо абакта отура алам. Ошентсе да менин жана алардын күнөөсү жок деп эсептейм”,- деди Түлеев.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227543