Домой Саясат Нариман Түлеев онкология борборуна которулду

Нариман Түлеев онкология борборуна которулду

6

Нариман Тулеев

Кечээ, 3-июнда соттолуп аткан мурдагы мэр Нариман Түлеевдин ден-соолугу кескин түрдө начарлап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “ВБ”га билдирди.

 

Анын айтымында, дарыгерлер Түлеевди онкологиялык борборго текшерүүгө жиберүүнү чечишкен.

 

“Учурда менин жактоочум бардык керек болгон анализдерди тапшырууда. Алардын жыйынтыктары чыккандан кийин гана дарыгерлер чогулуп, анан акыркы чечимди кабыл алышат. Бирок белгилеп коюшум керек, Түлеев анын ден-соолугуна байланыштуу сот отурумдары үзгүлтүккө учурап калышын каалаган жок. Ушундан улам ал дарыгерлерден сот отурумдарына барып турууга мүмкүн болгон дарылоо курсун белгилөөнү сурайт”,- деди ал.

 

Эскертсек, Нариман Түлеевге “Кылмыштуу жол менен алынган акчаларды адалдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.