Домой Спорт Нарын шаарында волейбол боюнча республикалык турнир болуп өттү

Нарын шаарында волейбол боюнча республикалык турнир болуп өттү

7

beach volley ball

Нарын шаарында 12-14- июль күндөрү волейбол боюнча ардагерлер арасында республикалык турнир болуп өттү. Спорттук иш-чара Кыргызстандын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Н.Турсунбаевдин жаркын элесине арналды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдиргендей, турнирге жашы 45 жаштан өйдө оюнчулар, жалпысы 7 команда катышышты. Жыйынтыгында Бишкек шаарынан келген ардагерлер командасы 1-орунга ээ болду. Аталган турнир Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча федерациясы, Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү, ошондой эле Н.Турсунбаевдин жакындарынын колдоосу менен уюштурулуп өткөрүлдү.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясы тарабынан ыраазычылык билдирилип, республикалык волейбол федерациясынын вице-президенти Ж.Кызалаковго «Ыраазычылык кат» тапшырылды.