Домой Коом Нарын университетинин жамааты окуу жайдын макамын калтырууну суранышты

Нарын университетинин жамааты окуу жайдын макамын калтырууну суранышты

3

нарын

Бүгүн,14-июнда КСДП фракциясынын депутаттары алардын шаардык кеңештеги партиялаштары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга келген шаардык кеңештин мүчөсү Назгүл Нуралиева Нарын элинин жана Нарын мамлекеттик университетинин эмгек жамаанынын атынан окуу жайдын макамын өзгөртүүсүз калтырууну сураныштады.

Эскерте кетсек, өкмөт “Жогорку окуу жайларынын түйүндөрүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Ал жакта Нарын мамлекеттик университетинин макамын, мамлекеттик институтка алмаштыруу каралган.

“1990-жылдары Нарында миграция маселеси абдан күч алган, шаар ээнсирей түшкөн. Университет пайда болгондон баштап Нарын өнүгө баштады. Ошондой эле көп жаштарыбыздын борбордон окуганга шарты жок”, – деди Нуралиева.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225750