Домой Коом Нарында быйыл биринчи жолу гречка айдалат

Нарында быйыл биринчи жолу гречка айдалат

4

ГречкаЖалпысынан пландалган 38 миң 476 гектар жердин 76 пайызына бүгүнкү күндө айдап себүү иштери бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн айыл чарба адиси Табылды Жумагулов билдирди. Анын айтымында, 20 миң гектардан ашык жерге дан азыктары, 4 миң гектардан ашуун жерге картошка, дагы бир бөлүгүнө жашылча, жүгөрү айдалган. Быйыл облустун Жумгал районуна биринчи жолу гречка айдалып жатат. Учурда пландалган 30 гектардын 3 гектарына эгилди. Айдап себүү иштерин 1-июнга чейин бүтүрүү пландалууда. Быйыл облус боюнча 146 млн. 849 миң сом жеңилдетилген насыя берилген.

Айбат гезити №129