Домой Коом Нарында троллейбусчулар иш ташташты

Нарында троллейбусчулар иш ташташты

4

1

Нарын шаарында троллейбустардын айдоочулар иш таштоого чыгышты. Шаардык троллейбус ДЕПО мекемесинин жетекчиси Жумабек Осмоналиевдин айтымында, азыр 4 троллейбустун үчөө оң абалда турат. Балдар жана студенттер окууга келишкенде алар дагы ишти баштайт. «Бирок биздин кызматкерлер бир иштеп, андан кийин эч кимиси жумушка чыгышпады. Анткени, иштегендерге мекеме 168 миң сом карыз болду. Мекемеде иштеген 14 адамдын арты 800 асты 2,5 миң сом гана айлык алышат. Электр энергияга 810 миң, салыкка 317 миң, соцфондго 267 миң сом карыз болуп турабыз»,- дейт Ж.Осмоналиев. Ошондой эле, ал аталган маселе боюнча премьер-министрге чейин киргенин кошумчалады.

Шаар, облус бүтүп акыры Жантөрө Сатыбалдиевге киргем. Натыйжада быйылкы жылдын 2-апрели күнү өкмөттө кеңешме өтүп, атайын протокол кабыл алынган. Ал кеңешмеге Каржы министринин орун басары А. Кожошев, өкмөт аппаратынан Ш.Молдоканов, Б.Турусбеков, А.Мусабеков, Т.Осокеев катышышкан. Ошол протокол дагы аткарылган жок, деп билдирди Осмоналиев.

Айбат гезити