Домой Маек Назарали Арипов: “Кыргызстанды кыйын абалга кептегендер азыркы оппозициядагылар болгон”

Назарали Арипов: “Кыргызстанды кыйын абалга кептегендер азыркы оппозициядагылар болгон”

8

Назарали Арипов– Назарали мырза, Бириккен оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков борбор шаарыбызда өткөн маалымат жыйынында «президент Алмазбек Атамбаевдин командасы мамлекетти туңгуюкка кептеп койду» деп билдирди. Чын эле туңгуюкка кептелдикпи?

– Кыргызстанды бир учурда туңгуюкка кептелишине Равшан Жээнбеков өзү дагы себепкер болгон. Алар убагында кептеп койгон туңгуюктан эми араң чыгып келатабыз десек да болот. Албетте, оппозиция деген керек. Болушу дагы зарыл. Сындашсын, сунуш айтышсын. Бирок бардыгы орду менен болушу кажет. Алдыда шайлоо келатат. Кыргызстанды оңдойм деген ою бар болсо, элдин ишенимине кирсин, шайлоодон утсун.

– Мына ушул жыйында УОК мүчөсү Бектур Асанов оппозициянын лидери жок экендигин билдирди. Мындай билдирүүдөн соң Равшан Жээнбеков өзүн мындан ары оппозиция лидери эмес экендигин жарыя кылды. Буга себеп аны Бектур мырза «Равшан Жээнбеков лидер эмес, жөн гана кагаз ташыгыч» деп айтканы себеп болгондой болду? Бул эмнени түшүндүрөт?

– Бул алардын өзүндөгү хаосту түшүндүрөт. Бири-бири менен ырктары келишпей тургандыгын түшүндүрөт. Мамлекеттин тагдыры менен ойнобоо керек. Керек болсо азыр оппозицияда жүргөндөрдүн көпчүлүгү убагында Кыргызстанды кыйын абалга кептеген.

Айбат гезити №119