Домой Шоубизз Назира Бердигулова сахнага кызуу абалында чыкты

Назира Бердигулова сахнага кызуу абалында чыкты

14

Бердигулова Назира

Жылкы жылы жаңырып эл жаңы жылды тосуп алып Бек Борбиевин 1-2-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн концертине барып көңүл ачышты. Баары жакшы эле болуп аткан, бир маалда Манас жаңырыгы телеканалынын Алтынчы күнү кечинде телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу, Бек Борбиев менен “Мен сүйгөн карагат” тасмасында башкы ролду жараткан Назира Бердигулова сахнага чыкты. Анын сахнага эмнеге чыкканын эл чыныгы түшүнгөн жок. Назира кыз бөдөнөнүн сүтүнөн сеп этип алганбы, же Жаңы жылдык шампаны тарай элекпи айтор, чыгып ар нерсенин башын сүйлөп аягында “Бек БАрбиев” деди эле, Бек Борбиев сахнага чыгып микрофонду алган соң “Мен Бек Борбиевмин” деп элге уят кылды.

Айбат гезити №60