Домой Шоубизз Нелянын туулган күнү өзгөчө өттү

Нелянын туулган күнү өзгөчө өттү

22

Неля4-декабрда борборубуздагы ресторандардын биринде Неля өзүнүн туулган күнүн белгиледи. Жыл жыйынтыктап калганда өтүп жаткан туулган күн ээси бул жылы да жылды өзгөчө жыйынтыктап жатат. Туулган күнгө курбу кыздарын жалаң Голливуд жылдыздарындай жасанып келгиле деген талабын койгон экен, баары жасанып барышыптыр. Кыргызда келген конокко устукан ороп бермей деген бар, Неля устуканга кошуп ар бир келген конокко атайын наминация менен диплом тапшырды. Ырчыны куттуктап, курбулары продюсер Миргуль Эсеналиева, Нурзат Токтосунова, ал эми шеринелештери, ырчылар – Сема, Эрмек Нурбаев, Бакыт Байсариев, Акбар Сүйүнбаев, Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев жубайлары менен жана сахнадан алыс жакын достору келишти.

Айбат гезити №56