Домой Hi-Tech Nokia 29 долларлык камерасы бар телефон чыгарды

Nokia 29 долларлык камерасы бар телефон чыгарды

18

Nokia-108-jpgNokia компаниясы арзан эки түрдүү – Nokia 108 жана эки сим карта салынуучу Nokia 108 Dual SIM телефондорун чыгарды. Салыктарды эске албаганда аппараттын баасы 29 доллар. Анын камерасы 0,3 мегапиксел.

Финландиялык компания акыркы убактарды телефондорду ачык түстө чыгарып, ага жаштардын көңүлүн бурууда. Жаңы чыккан телефондор да кызыл, көк, сары, ак жана кара түстө.

Компаниядан билдиришкендей аппараттар үстүбүдөгү жылдын 4-кварталынан баштап сатыкка чыгат. Алгач ак, кара жана кызыл түстөгү телефондор сатыкка чыгат. Андан кийин сары жана көк түстөгүлөр чыгарылат.

Айбат гезити №46