Домой Коом Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Н.Исановдун эстелиги коюлат

Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Н.Исановдун эстелиги коюлат

5

ИсановОш облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри, өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Насирдин Исановдун эстелиги коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров маалымдаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутаттын айтымында, эстеликтин ачылышы анын 70 жылдык мааракесинин алкагында болмокчу. “Анын эстелигин жасоого 636 миң сом жумшалат, анын жарымын Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары өз каражаттарынан бөлүүдө. Мындан сырткары 1,4 чакырым келген Ноокат районундагы Көк-Бел айылынын жолу капиталдык оңдоодон өтөт. Ноокат районунун музейинде Н.Исановдун өмүр жолу менен ишмердүүлүгүнө арналган өзүнчө зал ачылат”, – дейт вице-спикер. Ошондой эле Т.Зулпукаров 2014-жылы Көк-Бел айылында балдар бакчасын куруу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.
Маалымат үчүн: Н.Исанов 1943-жылдын 7-ноябрында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Эмгек жолун Москва шаарындагы “Мосжилстрой” трестинде жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Ал жактан инженер-курулуш боюнча институтту бүтүргөн. Ош облусунда эмгектенип, комсомолдук-партиялык майданды өздөштүрүп, Ысык-Көл облкеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
1990-жылы декабрда вице-президент болуп дайындалып, 1991-жылдын 22-январынан тарта премьер-министр болуп иштеген. Жогорку Кеңештин Н.Исановдун 70 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө токтому үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде кабыл алынган.

Айбат гезити №45