Домой Коом Ноокатта базарларда Кытайдан чыгарылган 535 даана оюнчук сатуудан алынып жокко чыгарылды

Ноокатта базарларда Кытайдан чыгарылган 535 даана оюнчук сатуудан алынып жокко чыгарылды

22

1Үстүбүздөгү жылдын 8-9-октябрь күндөрү Ош облусундагы Ноокат районунун аймагындагы базарларда, соода түйүндөрүндө сатылып жаткан Кытай Эл Республикасынан чыгарылган балдардын  оюнчуктары, резинадан жасалган топтор, кубиктер 535 даана жалпы 4850 сомдук оюнчуктар сатуудан алынып, жокко чыгарылды. Рейд Ош облусундагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматы Ноокат райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү. Бул тууралуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматынын өкүлү Жолчу Жээнбеков билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы. Маалыматка ылайык, аталган иш-чара облусттун баарык соода түйүндөрүндө улантылат. Эске сала кетсек, бул иш-чара Кара-Суу шаарындагы базарда өткөрүлүп, учурда Араван районундагы базарларда улантылып жатат.

Айбат гезити №49