Домой Шоубизз Нуркыз Кожонова, ырчы: “Татарстандын Казань шаарына эс алууга кетем”

Нуркыз Кожонова, ырчы: “Татарстандын Казань шаарына эс алууга кетем”

2

Нуркыз менен МирбекКөздүү мончок жаш эстрада ырчысы Нуркыз Кожонова ушул тапта Тынчтык Мониторинг Сервисинин жыйынтыгы боюнча топ ондуктун ичинде жүргөн “Мейли” аттуу ырына Канат Култаев продакшн студиясынан клип тартырып жаткан учуру, аны менен катар Мирбек Иманбеков менен дует жаздырып жатышат. “Ушул иштеримди бүтсөм Татарстандын Казань шаарына эс алууга кетем. Жакындарым чакырышууда. Ошол жакка эс алууга кетем деп кудуңдап жүрөм”, – дейт Нуркыз Кожонова. Буюрса бул ырчынын жакынкы арада дуэтин радиолордон угуп, клибин сыналгылардан көрүп калабыз.

Айбат гезити №134