Домой Саясат Ө.Текебаев: А.Атамбаев Рысалиевди жоопко тартат, мен муну билем

Ө.Текебаев: А.Атамбаев Рысалиевди жоопко тартат, мен муну билем

6

Текебаев

«Ата Мекен» партиясы, анын ичинде жеке мен активдүү позицияны кармап келе жатам. Былтыр 20дай мыйзам долбоорун, быйыл дагы 20дай мыйзам долбоорун киргиздим, деп билдирет «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Агым» гезитинин 19-июлда чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, сентябрь айына карата дагы мыйзам долбоорлорун пландаштырып, активдүү иштеп жатат. «Бул позициябыз активдүү экендигин, тигил же бул маселелер боюнча өзүбүздүн көз карашыбыз бар экендигин билдирет. Андыктан, позициясын ачык билдире албай, жалтак болуп калды деген сөз бизге туура келбейт, – деди Текебаев.

Булак : «Агым»