Домой Саясат Ө.Текебаев: “Көпчүлүк коалициясын түзүү укугу КСДПга берилгени туура”

Ө.Текебаев: “Көпчүлүк коалициясын түзүү укугу КСДПга берилгени туура”

3

Өкмөт«Ата Мекен» фракциясы КР президенти Алмазбек Атамбаевдин парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү укугун КСДП фракциясына бергени туура чечим болду деп эсептейт. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди, деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.

«Өкмөт улам алмашып туруучу өзгөчөлүккө ээ экенин, ал эми өлкө президенти «туруктуулук өбөлгөсү» болуп санала турганын эске алганда, ошондой эле Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жүрүмүн улантуу максатында, президенттин парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү укугун КСДП фракциясына бергени туура чечим болду», – деди ал.

Ошондой эле, жакын арада КСДП фракциясы калган фракциялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштарын, анын жыйынтыгын азыртан болжоо эртелик кыларын айтты.

Эл өкүлү, «Ата Мекен» фракциясы оппозицияда да калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Бирок, депутаттын пикиринде, оппозиция жаатында кошулабы-жокпу – ал маанилүү эмес, эң башкысы эл үчүн иштесе болду.

Эске салсак, бүгүн, 20-мартта президент А.Атамбаев Жогорку Кеңештин фракция башчылары менен жолугушту.

Айбат гезити №70