Домой Саясат Ө.Текебаевди эч кимиси «тебелей» албай, тескерисинче анын «тебелендисинде» калып келишет

Ө.Текебаевди эч кимиси «тебелей» албай, тескерисинче анын «тебелендисинде» калып келишет

6

1Бу саясатта бирде болоттой курчуп, бирде балтадай мокоп келген Өмүрбек Текебаев менен тирешип, аны колдон келсе «тебелеп» кетүүгө аракет кылгандар көп болду. Бул тууралуу «Фабула» гезити 11-июндагы санында маалымдайт.

Гезитте белгиленгендей, эч кимиси «тебелей» албай, тескерисинче анын «тебелендисинде» калып келишет. Айрым учурда, мындай көрүнүшкө Өмүкең өзү да «повод» берип коёт. Мисалы, өткөн жумада парламенттин жыйынында ал өзү иштеп чыккан «сүткорлук боюнча» мыйзам каралып жатканда Улуттук банктын төрага орун басары Заир Чокоев «бул мыйзам инвесторлорду качырат, туура эмес» деген пикирин айтканда, ал сөздү жактырбаган жини мурдунун учунда жана амбициялуу Өмүкең «Очкарик, бери бас, экинчи бул жакка келбейсиң» деп айкырган эле.

«Ушул боюнча Улуттук банк билдирүү таратты. Ал билдирүүдө: Текебаев Чокоевди эл алдында кемсинтип, басмырлаганы, ал залдан чыгып кеткени айтылат. «Текебаев эл өкүлү катары өзүн татыктуу алып жүргөн жок, мыйзам долбоор каралып жатканда адамды кемсинтүү деңгээлине түштү» деп айыптаган. Ушу себептен улам Улуттук банк парламенттин «Регламент жана этика» комитетине кайрылат. Ал эми Чокоевдей чоңду теңине албаган Текебаев андай дооматтарды четке кагып, азырынча күүсүнөн кайтпай турат. Эмне менен аяктары, белгилүү. Бир сөз менен айтканды, эч ким жоопко тартылбайт, болгону «кереметтүү» кептердин бири болуп айтылып жүрө берет», – дейт гезит.

Булак : «Фабула»