Домой Коом Өч алды, бирок жоготкону табылбады

Өч алды, бирок жоготкону табылбады

5

крокодилМындан төрт ай мурда Угандадагы айылдардын биринде дарыядан суу алууга барган аялдардын алдынан крокодил чыгып, алардын бирин бүкүлү бойдон жутуп койгон. Бул жолу крокодил кайрадан бул аймакка келгенде, маркумдун күйөөсү өч алды. Крокодил жеп кеткен Деметрия Набире кош бойлуу болгон. Анын күйөөсү Мубарак Батамбуза бир эмес эки адамды жоготконго мүңкүрөп, күйүткө чыдабай жүргөн эле. Бир күнү 50 жаштагы балыкчы дарыянын жээгиндеги көлмөгө достору менен чогуу барып, “Аялым, анын ичиндеги баламды жоготтум. Менин дүйнөм астын-үстү болду”, – деп досторунун жолобо дегенине карабай күйүтү менен Батамбуза анын бир жак капталына найза менен сайган. Найзанын учундагы илмек крокодил кыймылдаган сайын терең кирип, акыры крокодилди кансыратып өлтүргөн. Батамбуза жана анын достору азыр жергиликтүү “баатырларга” айланган. Крокодилдин өлүгүн Кампаладагы Макарере университетине экспертиза өткөрүү үчүн алып кетишкен. Окуу жайдын адиси Уилфред Эмнекинин айтымында, жырткычтын ичинен сөөктүн калдыктары табылган. “Бирок, ал адамдын сөөгү экенин айтуу кыйын”, – деген жооп айткан.

Айбат гезити №140