Домой Дин “Ойношчул аялдан шылдыңчыл бала туулат”

“Ойношчул аялдан шылдыңчыл бала туулат”

2

Эгембердиев  Рахматулла ажыӨткөн аптада коомчулукту күүлдөткөн окуялардын бири Кыргызстандын экс-муфтийи Рахматулла Эгебердиевдин өз ыктяры менен ээлеп турган тактысынан кетиши болду. Бул чуулуу окуяны эл ичинде ар кандай пикирлерди айтып чыгышты. Айрымдар:

Рахматулла ажы “бул өнөрдү” “Ата-Мекен” саясий партиясынын “кеменгери” Өмүрбек Текебаевден үйрөнүп алса керек!” -дешип каткырып күлүп жүрүшсө айрымдар “ Рахмтуллада бир аз абийир бар экен, видеотасмадагыны мойнуна алды. Көптөгөн байлар, мамлекеттик  атка минерлер “бир аял менен жашайм” -дегендери менен бир канча аялдар менен жашап жүрүшөт” -деп айтып жатышат.

Чынында көмүскөдөгү көп аялдуу байлар менен мамлекеттик атка минерлер өзүлөрүнүн “гареминдеги” аялдардан төрөлгөн балдарынын тагдыры эмне болору менен иштери жок. Азыр камакта отурган бир депутат төрт аял менен жашап жүргөн экен. Бул аялдан төрөлгөн балдардан кийин чоңойгондо “кимдин баласысың?” -деп сурап калса сөзсүз ыңгайсыз абалда калышат. Бул баланын тагдырындагы эң чоң жаралуу нерсе. Бул талылуу маселени байлыгына, мансабына кызыгып, никесиз эрге чыккан аялдар да түшүнүш керек. Кыргызда “ойношчул аялдан шылдыңчыл бала туулат” -деген макал дал мына ушундайлар жөнүндө айтышкан. Балдарыңарды шылдыңга кептебегиле аялдар!

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №61