Домой Саясат Ойносоң да, ойлоп сүйлө

Ойносоң да, ойлоп сүйлө

4

камчыбек ташиев

Жаңы “чыңгызхан” Камчыбек Ташиевге бир чети бооруң ооруп кетет. Анткени, Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеваны депутаттык креслодон оодарып түшөм, сен депутат болуп отурганда мен бул жерде болбойм деген негизде ач айкырык салып чыкканы эсибизден аликүнчө чыкпай эле.  Бир айымга алы келбеген жана сөзүнө туралбаган Ташиев андан тышкары да Роман Шин, Хаджимурат Коркмазов, Нарынбек  Молдобаев  деге “атажуртчу” депутаттарды өз кезегинде омуроолоп акүйдөн кууп чыкканга болгон аракеттерин жасады эле, андан майнап чыкпады. Тагдырдын тайгүлүгүн карачы, Ташиевдин тагдыры “чыңгызхан” деген лакап менен эмне болду? Ташиевдин оозуна карап сүйлөбө одураңдаганы, өзүнүн башына тийди деген да пикирлер жаралды. “Чыңгызхан” болуудан мурун ойлонуп иш кылса эмне? “Ойносоң да, ойлоп сүйлө” дечү беле, кыргыз!

Айбат гезити №45