Домой Саясат Өкмөт башчы тажик премьер-министри менен сүйлөштү

Өкмөт башчы тажик премьер-министри менен сүйлөштү

9

Кохир РасулзодаКРнын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев кечээ Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын иштеринин абалы жана келечеги тууралуу да сөз болду. Тажикстандын премьер-министри кыргыз өкмөт башчысын премьер-министрликке бекитилиши менен куттуктады.

Ошондой эле бүгүн КРнын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов менен жолугушту. Анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу өкмөттүк делегациянын жолугушуусуна даярдык тууралуу сөз болду. Делегациянын жолугушуусу качан болору маалымдалган эмес. (ZKo)

Айбат гезити №73