Домой Негизги Өкмөт башына Темир Сариев же Калыкбек Султанов келиши күтүлүүдө

Өкмөт башына Темир Сариев же Калыкбек Султанов келиши күтүлүүдө

2

Калыкбек Султанов23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик кызматтан өз каалоосу менен кете тургандыгын жарыя кылды. 2010-жылдан бери карай эсептегенде «Кумтөр» маселеси үчүн ушуну менен экинчи өкмөт башчысы отставкага кетип отурат. Ал эми жаңыдан гана бошоп, али ысыгы кете элек премьерлик кызматка учурдагы финансы министри Темир Сариев же болбосо мурдагытранспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов келиши мүмкүн экендиги ишенимдүү булактардан келе баштады. Баса айта кетүүчү дагы бир жагдай – Жоомарт мырзанын отставкасы учурдагы коалициялык көпчүлүктүн ыдыроосуна себепкер боло албайт. Бул туурасында Феликс Кулов өзү билдирди. Анын айтымында эки жуманын ичинде коалициялык көпчүлүктүн курамы жолугуп, жаңы премьерди шайлашат. Ал эми Евразия экономикалык союзуна кирүү маселеси дагы өкмөт башчынын отставкасынан улам эч кандай кечеңдебейт. Ага кирүү тууралуу документке вице-премьер-министрлердин бирөөсүнүн кол коюп койгону деле жетиштүү болот…

Айбат гезити №125