Домой Саясат Өкмөт отставкага кетиши керек

Өкмөт отставкага кетиши керек

12

Молдобаев Нарынбек1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтөр” маселеси көтөрүлдү. Депутат Нарынбек Молдобаевдин айтымында, эгер “Кумтөр” боюнча чечим чыгарбаса, өкмөт отставкага кетиши керек.”Акыркы жолу бул маселени февралдын соңунда талкуулаганбыз. Өкмөткө бир ай убакыт берилген. Бирок дагы деле чечим чыга элек. Анда бул маселени чечүүгө башка жаңы өкмөткө мүмкүнчүлүк берели”,- деди депутат.Ал эми өкмөт башчылыгына талапкерлер арасында Темир Сариев,Тайырбек Сарпашев,Карганбек Самаковдун аттары аталууда.Кийинки жумаларда кызык оюндар башталчудай.

Айбат гезити №122