Домой Коом Өкмөт пенсияны көтөрдү

Өкмөт пенсияны көтөрдү

6

ПенсияКыргыз өкмөтү 18-июнда пенсиянын базалык бөлүгүн 250-500 сомго көтөрүү боюнча токтомду жактырды. Эми 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта пенсия алгандардын акчасына аталган сумма кошулат.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, 500 сомдук кошумча эркектердин 40 жылдык, аялдардын 35 жылдык эмгек стажы бар пенсинерлер үчүн экенин билдирди. М.Абылгазиев 250 сом калган пенсионерлер үчүн 250 сомдон кошуларын кошумчалады. “Өкмөттүн мындай токтому Кыргызстанда жашаган пенсионерлердин жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган. Биз мындан ары да мүмкүнчүлүк болсо пенсияны этап-этап менен көтөрүп турабыз”, – деди ал.

Айбат гезити №133