Домой Коом Өкмөттө Бажы союзуна кирүү маселеси талкууланды

Өкмөттө Бажы союзуна кирүү маселеси талкууланды

7

бажы25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү маселеси боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешмеде атамекендик экономиканын жакынкы жана орто мөөнөттөгү перс-пективаларында макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө интеграция процессинин таасиринин негизги аспектилерин көрсөткөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланды. Талкууда Бажы союзунун келишим алкагына кошулуунун оң жана терс натыйжалары бар экени айтылды.

Премьер-министр сүйлөшүү процесси жүрүп жаткандыгын жана Кыргызстан Бажы союзуна улуттук кызыкчылыктар аткарылуу шартында гана кире тургандыгын баса көрсөттү.

Кеңешмеде тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге өкмөт тарабынан бекитиле турган программалардын документине өзгөртүүлөрдү даярдоо жана киргизүү тапшырды.