Домой Коом Өкмөттү «уткан» укук коргоочу грантты актап атабы?

Өкмөттү «уткан» укук коргоочу грантты актап атабы?

4

Нурбек ТоктакуновКыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу сотко кайрылуу АКШнын Мамдепартаменти тарабынан каржыланышы ыктымал.

«Вести.kg» мурдата маалымдагандай, жарандык активист, «Прецедент» өнөктүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Кыргызстандын Бажы биримдигине каршы болуп, сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту анын арызын эртең карайт.

– Өкмөт республикалык маанидеги маселенин коомдук талкууга коюлуп, жарандардын пикирин билдиришине тоскоолдук жаратты. Буга байланыштуу мен Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылгам, бирок ал жактан арызымды кабыл алышкан жок. Менин кызыкчылыгым бекемделбегенимди айтышты. Ал эми чындыгында документте бардыгы көрсөтүлгөн, – деп маалымдады Токтакунов журналисттерге.

«Вести.kg» мурдата кабарлагандай, америкалык донордук «Фридом Хаус» уюму ар кыл долбоорлорду каржылаарын жарыялаган, алардын көпчүлүгү өкмөттүк демилгелерге каршы болушу керек болгон. Кийинчерээк, Н.Токтакунов энергетикалык жаңы тариф боюнча Бишкек шаардык сотунан Энергетика  жана өнөр жай министрлигин утуп алган. Энергетика министрлиги өз кезегинде жогорку инстанцияга кайрылган. «Жол картасына» каршы доо арыз «Фридом Хаустун» параметрлерине туура келет. Мындан улам, айрымдар жазгандай, биринчиси – экинчисин жабууга багытталган.

Ушул жылдын 23-декабрында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү макулдашуусуна кол коюлар астында сотко кайрылышы бекеринен эмес. Укук коргоочунун өзүнүн айтымында, бул чоң саясатта угулбай калышы ыктымал, бирок, ал өзүнүн укугун толук пайдаланганга акылуу.

Ошол эле маалда депутаттык корпуста Кыргызстандын аталган биримдикке кошулушунун максаттуулугун убакыт көрсөтөт.

– Бажы биримдигине кошулуудагы жыйынтыктар кандай болорун убакыт көрсөтөт, – деди Жылдызкан Жолдошева. – Биз экономикалык жактан алсыз өлкөбүз. Ошондой эле жалаң гана кошуналар менен мамиле күтүү менен чектелбеш керек. Биз алар менен дагы, алыскы өлкөлөр менен дагы кызматташууну өнүктүрүшүбүз абзел. Андыктан биз бул процесске кошулушубуз керек.

Айбат гезити №107