Домой Экономика Ольга Лаврова: Кыргызстанга 44 өлкө жана 15 эл аралык уюм жардам беришти

Ольга Лаврова: Кыргызстанга 44 өлкө жана 15 эл аралык уюм жардам беришти

6

ОЛЬГАКыргызстандын Каржы министри Ольга Лаврова бүгүн, 10-июлда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында болгон донор жыйынында донорлордун жардамын жогору баалады.

“Алгачкы донор жыйынын өткөргөндөн бери үч жыл өттү. Ал кезде биз 2010-жылдагы кайгылуу окуялардан кийинки Кыргызстанды калыбына келтирүү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Каржы кризисине карабай донорлор бизге жардам беришти. Кыргызстанга жардам берүү боюнча чакырыкты 44 мамлекет жана 15 эл аралык уюм кабыл алды. Анын жыйынтыгында эл аралык коомчулук 1,1 млрд доллардан ашык сумма да жардам көрсөттү. Анын ичинен биз 940 млн долларды алдык. Каржылык жардам өлкө бюджетин жана инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталды. Биздин өлкө донор мамлекеттер менен 51 келишимге кол койду”,- дейт Лаврова.

Эскерте кетсек, донор конференциясы үч сессияга бөлүнгөн. Катышуучулар Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргызстандагы туруктуу экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартууну талкуулайт.

Донорлордун жогору деңгээлдеги жолугушуусу буга чейин 2010-жылы болгон кризистик жагдайларга байланыштуу да уюштурулган.