Домой Саясат Өлкө боюнча өтө турган жаштар курултайына жалпы Нарындын жаштары катышпайт

Өлкө боюнча өтө турган жаштар курултайына жалпы Нарындын жаштары катышпайт

3

Нарын

Нарын облусунун Жумгал жаштары 24-августа Соң-Көл жайлоосунда өтө турган жаштар курултайына барышпайт. Мындай маалымат кечээ, 21-августта Нарын облусунун Жумгал районундагы жаштар борборунда район жаштары жана жаштар менен иш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн кезектеги жыйынында белгилүү болду. Бул тууралуу райондун жаш активистери маалымдашты, деп кабарлайт аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев. Жыйында маалым болгондой, 24-августта өлкө боюнча боло турган жаштар курултайына Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорунан жаш активисттер келбей тургандары айтылып, Жумгал районунун жаштары да бул курултайга катышпай тургандыктарын билдиришти. «Кезекте өтө турган жаштар курултайы, кандайдыр бир саясаттык тартиптеби же бир катар партиянын жаштар канаты уюштуруп жаткан өндүү так маалыматтар берилбей жатат. Айыл жеринде бош жүргөн жаштарыбыз саясий оюндун курмандыгы болбошу үчүн биз бул кадамдарга барбайбыз. Жаштар курултайы дегени менен анда жаштардын маселеси талкууланбай, саясий темада ой жүгүртүүлөр камтылат экен. Биз ошондуктан бул курултайга барбоону чечтик», — дейт жаш активист Нуркан Асейнов.

Айбат гезити