Домой Кызыктар дүйнөсү Өлөрүнө аз калган атасы 11 жаштагы кызына чакан үйлөнүү той өткөрдү

Өлөрүнө аз калган атасы 11 жаштагы кызына чакан үйлөнүү той өткөрдү

13

Той

Калифорниядагы 62-жаштагы  Джима Зетзге төртүнчү топтогу рак оорусу менен ооруйт деген диагностика койгон. Бул кабар өзүнө да жана үй-бүлөсүнө да суук кабар болгон. Джима Зетзде бир тилеги бар эле, өзүнүн жалгыз кызынын үйлөнүү тоюна катышуу. Бирок, ал кызы болгону 11 жашта эле. Атасы кийин кызынын  үйлөнүү тоюнда өзү болбоорун билип, 11 жаштагы жалгыз кызына  чакан үйлөнүү той өткөргөн.

11 жаштагы Джозинин туулган күнүнө аз калганда атасы Джим туулган күн менен бирге үйлөнүү той өткөргөнгө даярдык көрүп. Алдына ала үйлөнүү тойго керектелүүчү гүлдөр, торттор, кийим, тамактар  жана коноктор чакырылган.

Бул кечеде  Джози узун ак көйнөк кийген ал эми атасы костюм кийип конокторду тозуп чыккан. Кызы менен атасы кол кармашып нике кыйылуучу жерге барышкан ал жерде аларды пастор күтүп алган. Көздөрүнө жаш алышып, чиркөөнүн кызматкери “ силерди атасы менен кызы деп жарыялайм” деп бүтүргөн өз сөзүндө пастор.

Бул күнү  Джози анын мамасы Грейс жана атасы Джим, алар менен бирге келген коноктор да көздөрүнө жаш алышкан. Бирок, бул күнү бир гана жаш төгүү эмес жакшы маанай жаратуучу окуялар да болгон. Албетте бул окуялар Джимдин эсинде түбөлүккө калмакчы.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №74