Домой Шоубизз Омар манасчы Жусуп Мамайдын батасын алды

Омар манасчы Жусуп Мамайдын батасын алды

2

Жусуп Мамай

“Манастын” жети муунуна чейин айткан кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамайды кимдер гана тааныбайт? Саналуу гана залкар инсандардын катарын толуктаган бул манасчыдан жөнөкөй инсандар гана эмес, Кыргызстандын аттуу баштуу адамдары да атайын барып, атаганын берип, батасын алып келишет. Алардын катарын бул жолу кыргыз эстрадасынын ырчысы Омар да толуктады. Кытайга барган сапарында, манасчы атабызга жолугуп, батасын алып келүү мурдатан берки кыялы экенин билдирди. Эми болсо тилеги ишке ашып отурат.

Айбат гезити №50