Домой Маек Өмүрбек Абдрахманов: Бизде жөн гана “Атамбаев кетсин, анын ордуна мен келем” деген...

Өмүрбек Абдрахманов: Бизде жөн гана “Атамбаев кетсин, анын ордуна мен келем” деген саясат жүрүп атат

7

Абдрахманов– Кыргызстанда оппозициялык күчтөр адегенде өкмөттү отставкага кетирип, анын артынан парламентти “жыга чабуу” менен өлкөбүздө Украинадагыдай абал түзүүнү көздөп жатышканы тууралуу ММК булактары жаза баштады. Оппозициячылдардын бул аракетин кандай баалайсыз?

– Биздин Конституция боюнча оппозиция болууга мүмкүнбү? Мүмкүн. Митингдерди өткөрүүгө мүмкүнбү? Мүмкүн. Бирок, эч кандай мыйзам бузууларга барбай, революция жасабай бийликке келүүнүн аракетин көрсө болот. Эл кааласа колдойт, каалабаса колдобойт. Бийликтин кемчилдиктери болсо айтсын, сындасын, бирок мыйзамдын чегинен сырткары кетпесин.

– Азыркы тапта Жогорку Кеңешти таркатып, жаңысын шайлоодон мамлекетибиз пайда таба алабы?

– Кеп пайда тапкан, же таппаганда эмес. Биздин Украинадагы майдандан айырмабыз бар. Алар идеология үчүн күрөшүп атат. “Батыштык демократия болсун” дешүүдө. Бизде болсо жөн гана “Атамбаев кетсин, анын ордуна мен келем” деген саясат жүрүп атат. Мурда деле ошондой болуп келген. Андыктан мындай саясат болбойт.

Айбат гезити №65