Домой Маек Өмүрбек Абдрахманов: “Текебаев кыргыз элин 25 жылдан бери алдап келе жатат”

Өмүрбек Абдрахманов: “Текебаев кыргыз элин 25 жылдан бери алдап келе жатат”

9

Абдрахманов– “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Ысык-Көл облусунда шайлоочулар менен жолугуп жатып Садык Шер-Ниязды ойда мактады. Анын аракети менен Кыргызстандын кино тармагында 60-жылдары болгон “кыргыз керемети” кайрадан жанданып атат деп билдирди. Чын эле азыркы учурда “кыргыз кермети” жанданган заманда жашап жатабызбы?

–  Шайлоонун алдынан оозуна келгенин оттой берсе болбойт. Кошула албайм. Текебаев 4 жыл бийликте отуруп министрлерди дайындады, премьер-министр кылып Жоомарт Оторбаевди койду. Кана, кайсы реформаларды жасады? Ким айта алат? Популизм менен Текебаев кыргыз элин 25 жылдан бери алдап келе жатат.

– Кыргызстандын маданий саясатын Садык Шер-Нияз гана жүргүзүш керек дегенге кошуласызбы?

–  Режиссер болсо мыкты кино тарта берсин, маданият министри болсун, ич тардык жок. Бирок мамлекетти өнүктүрүү үчүн системаны алмаштырыш керек. Ар бир кызматкер өз милдеттерибизди так аткарсак элибизге жакшы күндөр эрте келет.

Айбат гезити №145