Домой Саясат Өмүрбек Текебаев: “25 жаштагы балага да баш ийишибиз керек”

Өмүрбек Текебаев: “25 жаштагы балага да баш ийишибиз керек”

3

текебаев

Шаар мэри болуп муниципалдык кызматтардан топтогон беш жылдык эмгек тажрыйбасы барлар гана дайындала алат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына мэр болгусу келгендерде бул талап жогору – мамлекеттик кызматтарда 10 жылдан кем эмес убакыт эмгектенүүгө тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында, “Ош шаарынын статусу боюнча” жана “Бишкек шаарынын статусу боюнча” мыйзам долбоорун кароо учурунда белгилүү болду.

Кыргызстандын эки шаарынын мэрине болгон талаптардын башка шаарлардыкынан айырмаланышына “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев каршы оюн билдирди: “Эки шаарга мэр болгусу келген адамдар он жылдан кем эмес муниципалдык кызматтарда иштеши керек деген талап коюлуп атат. Иш тажрыйбасы жок 25 жаштагы бала келип калбасын деген коркунуч менен ушундай болгону да белгилүү. Биринчиден, бул шаарлардын мэрлигине 25 жаштагы баланын шайланышы мүмкүн эмес. Экинчиден, эгер шайланып калса, ошол 25 жаштагы балага да баш ийишибиз керек”, – деди Ө. Текебаев.

Фракция жетекчиси ошондой эле шаар мэрлери жогорку билимдүү болушу керек деген талапка да макул эмес.

“Жогорку билим деген чектөө алда качан каралбай калган. Мындай чектөө байдын балдары кызматка келсе болот, кембагалга болбойт деген түшүнүк болуп калат. Байдын балдары жогорку билимди Лондон, Америкадан ала алат, ал эми кембагалдын баласынын жогорку билим алганга мүмкүнчүлүгү болбой калсачы? Аны кызматка келбесин деп чечим кабыл алабызбы?” – деген депутат, жогорку билимсиз эле көрөңгөсү барлар ийгиликтерди жарата аларын кошумчалады.

“Дүйнө жүзүндө мындай мисалдар көп. Автобустун айдоочусу президентке айланганы, Чехиянын президенти ким болгону баарына белгилүү”,  – KyrgyzToday.kg