Домой Негизги Өмүрбек Текебаев: “Бөдөш Мамырова ууруга шектелген адамды коргоп атат”

Өмүрбек Текебаев: “Бөдөш Мамырова ууруга шектелген адамды коргоп атат”

4

Текебаев Өмүрбек«Ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде абактагы Акматбек Келдибековго байланыштуу пикирин ортого салды. Журналисттин: «Эмне себептен парламенттин өткөн жумадагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова менен уруша кеттиңиз? Эмнеге аялдар менен уруша бересиз? Бийлик оппозиционерлерди эле ууру деп камай береби?» таризинде суроо узатканда, Текебаев: « Бөдөш эже түрмөдө жаткан, уурулукка шектелген адамдарды колдоп атат. Ошо колдогонуңуз туура эмес, уялбайсызбы деп айттым. Ким уурдаган болсо ал жазасын алышы керек. Муну менен элдин баары макул. Бөдөш эжебиз буга макул болбой атат» деп А.Келдибековдун жөн жай эле түрмөдө жатпаганын кыйытты.

Айбат гезити №76