Домой Саясат Өмүрбек Текебаев Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушту

Өмүрбек Текебаев Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушту

8

Текебаев

“Ата-Мекен” депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Талас областынын Кара-Буура жана Манас райондорунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда шайлоочулар айыл-чарба маселелерин козгошуп, өндүрүлгөн продукцияны сатуу жагдайына басым жасашты. Мындан сырткары чек араны тактоо, калкты суу менен камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөр жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин мазмунун түздү.

Талас областына болгон иш сапары учурунда Текебаев “Ата-Мекен” партиясынын конференциясына катышып, партиянын мүчөлөрүнө жаңы үлгүдөгү партбилеттерди тапшырды.