Домой Саясат “Өнүгүү-Прогрес” идея уурдап өнүккөнбү?

“Өнүгүү-Прогрес” идея уурдап өнүккөнбү?

7

Төрөбаев БакытБыйыл жаздан бери “Калыс” саясий кыймылы бачабаздык (педофилия) боюнча “Балдарды зордуктагандарга өлүм жазасы берилсин”, – деп биринчи чыкпады беле. Ошол маалда “Калыс” кыймылы партияларга барып, ал мыйзамга кол койдуруп жүргөндө партиялардын көбү макул болуп кол коюп беришкен эле. Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда Мирлан Бакировго кат беришсе, алдындагы контролук өтмө пунктуна таштап кетүүлөрүн айткан. Катты ошол жака таштап коюшканы менен эмдигиче ал партиядан жооп жок. Анан эле программасына “Бачабаздарды өлүм жазасына тартабыз”, – деп саймедиреп жатат. Кыйын болсо, ошол маалда “Калыс” саясий кыймылынын балдарын колдоп кол коюп бербейт беле?! Анан түштөн кийин идеяны уурдап албай, же Төрөбаев байлыгына таянып элди эмитен теңине албай жатабы? Мындай темп менен кетсе Төрөбаев миллиондогон долларын чачса дагы саясий ишмердүүлүгү көпкө узабайт…

004