Домой Саясат «Өнүгүү-Прогресс» улуттар аралык жаңжалдын карттанган жарасын неге тырмайт?

«Өнүгүү-Прогресс» улуттар аралык жаңжалдын карттанган жарасын неге тырмайт?

7

Кадыржан БатыровМындан туура беш жыл мурун өлкөбүздүн түштүк аймагында эл бузарлардын айынан болуп өткөн кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы коогалаңды али эч ким унута элек. Жакындарын жоготкондор дагы деле зарлап турат. Албетте, эки элдин ортосуна от жаккан сепаратисттер сыртка качып кетишкенден кийин башынан ынтымакта жашаган эл кайрадан эле «ырыс алды – ынтымак» экендигин аңдап калышты. Ал эми сепаратисттер Алишер Сабиров, Кадыржан Батыров, Жалалидин Салахудинов, Ином Абдрасуловдор жүздөгөн бейкүнөө адамдардын канын суудай агызып коюп, азыр чет мамлекеттерде дагы деле бузукулук иштерин кантип улантсак деп Кыргызстанга көз кырын салып турушат. Ал эми алардын чырагына май тамызгандар өзүбүздүн ичибизден чыгып атканы өтө кейиштүү. Маселен, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесинде 12-болуп Сабирова Хулкарпаша Имамалиевна аттуу айым катталган. Ал кадимки сепаратист, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетирүүгө аракет жасаган Алишер Сабировдун аялы экен. Муну билген кыргыздар гана эмес, бузукулукка түрткөндүгү үчүн жек көрүп калган өзбек туугандар да аталган партиядан жүзүн үйрүп туру. Аталган партиянын анабашчысы Бакыт Эргешович эмне максат менен сепаратисттин аялын катарларына кошуп алганы таң калычтуу. Жасакерлик кылып өзбек туугандардын добушун алам деп ойлодубу? Бирок, ал жаңыдан айыгып келаткан жараны тырмап атканын неге билген жок? Ал үчүн эптеп добуш топтоп, парламентке барса эле болдубу? Андай болсо бизге мындай партиянын кандай зарылчылыгы бар?..

Айбат гезити №145