Домой Саясат Оппозиция ичиндеги кырылыш

Оппозиция ичиндеги кырылыш

4

Адиль Турдукулов«БОКтун» кагаз ташыгычы Равшан Жээнбеков ордун бошотуп кеткенден кийин эле аталган кыймылдын ичиндеги оппозиционерлердин уктап жаткан амбициялары катуу ойгонду. Ошол лидерлик орун бош калган күндөн көп узабай эле жаш саясатчы Адиль Турдукулов «Мен оппозиция лидери болууга даярмын» деп кыргыз тилдүү басылмалардын бирине маек берген болчу. Япония элчилигинде иштеп жүрүп эч тартынбастан эле элчилик берген өзү жашаган батирдин бөлмөсүнүн дубалдарына сүрөт тартып ойногонду билген Адиль мырза БОКтун «кагазын ташый албай» эмне болуптур деп турганбыз. Бирок, карт оппозициячылдар карт бөрүлүгүнө салып жаштарга орун берүүгө али эрте дегендей кылып коюшту. Дегенибиз лидеринен башка мүчөсү жок «Чындык» партиясынын «көзүрү» Кубанычбек Кадыров Равшан мырзанын жылуу ордун суутпай заматта көчүк баса калды. Мына ушундан кийин маалымат айдыъында оппозиция ич ара «жарандык согуш» ачып жиберди. Маселен, кыргыз тилдүү басылмалардын бирине Адиль Турдукулов «Мен жаъы лидерди тааныгым келбейт. Себеби ал шайлоого болгону 5 эле адам катышты. Калгандары буга макул болбой чыгып кетишти. Азчылык топтун өз лидерин тандап алуусунун өзү туура эмес» деп маек берди. Ага жооп кылган Кубанычбек Кадыров «Адиль Турдукуловдун лидер шайлоодо капачылыгын айта турган жөнү жок. Себеби ал «мен силердин катарыъарга кошулдум» дегени менен аны биз кабыл ала элек болчубуз» деди. Ошого эле улай Кубанычбек мырза убагында Равшан Жээнбеков деле аз адамдардын добушу менен лидер болгонун, Турдукулов айтып аткандай эреже болуш керек болсо, анда неге Равшан мырзаны шайлап атканда эреже тууралуу айтышпаганын «арман» кылып айтып бериптир. Мына ушундай оппозиция ич ара «устукан» бөлүшө албай ызылдашып туру. Тооба деп туралы, кокус булар бийликте болгондо таза ит акмактары чыкмак экен…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №121