Домой Саясат Оппозициянын курултайы 20-мартка белгилендиби?

Оппозициянын курултайы 20-мартка белгилендиби?

4

Жээнбеков РавшанПарламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу, президентти отставкага айдоо максатында башы кошулган Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров жана Аликбек Жекшенкулов бийликке каршы «маалымат согушун» күчөткөнү жатышат. Алар Жети-Өгүздө митингдерди жандандыруу максатында жергиликтүү активисттер менен жолугушуу үчүн жол тартканы турушат дейт. Ошондой эле күч органдары Саруунун тургундарына күч колдонду деген ушакты маалымат каражаттары аркылуу атайылап таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу ниети күч алып жатыптыр?

А.Бекназаровдун оң колу Самсаалы Четимбаевдин жакындарына шыбыраганын эшитсек, оппозиция 20-мартта курултай чакырууну пландаптыр. Анда бийликке өз талаптарын коюшары калетсиз. Жазында дыйкан баба терин төгүп эмгектенсе, бийлик «абысыңдары» эптеп эле көксөгөн кызматына жетиш үчүн «оюндан от чыгарууга» белсенгени акыйкаттыкка жатабы?

Айбат гезити №65