Домой Коом Оппозициянын митингине эмгек биржасындагылар 500 сом үчүн келишкен

Оппозициянын митингине эмгек биржасындагылар 500 сом үчүн келишкен

9

митинг МотуевКечээки оппозициянын митингине акчанын күчү менен гана эл жыйналганы тастыкталды. Бул боюнча милицияга түшүп калгандар да айтып беришти. “Вечерний Бишкек” сайтына эмгек биржасынан келген адам ага митингге катышкандыгы үчүн 500 сом бере тургандыгын билдирген. Анын айтымында, ал Жалал-Абаддан болот, бирок көп жылдан бери Бишкекте турат. Күнүгө ал Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасына жумуш издеп чыгат. Бүгүн аларга микроавтобус менен кишилер келишип, митингге барып, 3 саат туруп берип, 500 сом төлөй тургандарын айтышкан. “Биз митингге саат 11:30дарда 24 киши келдик. Бирок азырынча акчабызды бере элек, топтун башчысы кассир менен жолугушуп, акчабызды алып бермек”, – деди ал.

Айбат гезити №73