Домой Маек Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Өкмөттүк эмес уюмдардын максаты жаңжал чыгарып туруу”

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Өкмөттүк эмес уюмдардын максаты жаңжал чыгарып туруу”

8

Орозбек Дүйшеев– Кыргыз өкмөтү шайлоону таза өткөрөлү деп элдерден биометрикалык маалыматты топтоо ишин жасоодо. Ушуга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү каршы чыгып, конституциялык палатага кайрылышыптыр. Чындыгында өкмөттүн иши туура эмеспи?

– Бул өкмөттүн иши туура. Жалпы дүнүйөдө ушундай жана дүйнөлүк нерсе. Качкындар болобу, кылмышкерлер болобу баары билинип турат. Ошондой эле шайлоого 3-4 жолу кире албай калат. Илим-билимдин жетишкенинен артта калбашыбыз керек, колдонушубуз шарт. Ал уюмдардын кайрылганы туура эмес!

– Өкмөттүк эмес уюумдардын келе жаткан шайлоодо эмне кызыкчылыктары бар? Максаттары эмне деп ойлойсуз?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бирдиктүү пикир жок. Мына карап көрүңүздөр 200дөй партия бар. Бул кыргыздын бирикпегенинен кабар берет. Алардын максаты жаңжал чыгарып туруу жана бөлүү. Эгер мамлекетте тынчтык жана бирдиктүүлүк болуп, жакшы заман болуп кетсе, алар акча иштей албай, иштеген иштери жүрбөй калат. Негизи алардын максаты бирдиктүү болбошу керек.

Айбат гезити №130