Домой Маек Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Президент таза шайлоо өткөрүү максатына жетти”

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Президент таза шайлоо өткөрүү максатына жетти”

4

Орозбек– Орозбек мырза, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Бул шайлоону сиз кандай бааладыңыз?

– Эң негизгиси шайлоо тынч жана таза өттү. Биз ушуга сүйүнүшүбүз керек. Партиялар да ыраазы болду окшойт. Бирок, айрым куру кыйкырык менен алектенген партиялардын өтүп кеткенине бир топ элдер нааразы болду.

– Бул шайлоонун таза өтүшүнө президенттин салымы канчалык деп ойлойсуз?

– Президент шайлоону таза өткөрүү принцибине катуу турду. Болбосо айрым аткаминерлер бийликке жагынуу үчүн болгон күчүн жумшамак. Президент 2 жылдан бери эле таза шайлоо өткөрөм деп келген. Бул максатына да жетти.

– Мындан ары ушундай таза шайлоону камсыз кылуу үчүн кандай аракеттерди жасашыбыз керек?

– Эн негизгиси саясатчыларыбыз таза иштесе эле болду. Элдердин да бир тобу акчага сатылып кетпедиби. Ошондуктан бийлик шайлоону бурмалоого жол бербей жатканда биз да добуштарыбызды сатпашыбыз керек.

Айбат гезити №149