Домой Маек Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында курулай кыйкыргандар азайды”

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында курулай кыйкыргандар азайды”

7

Дүйшеев Орозбек– Орозбек мырза, 2014-жылдын акыркы күндөрү өтүп атат. Алдыда Жаңы-Жыл. Ушул өтүп бараткан жыл биздин мамлекет, элибиз үчүн кандай жыл болду?

– Мамлекетибиз үчүн бир топ жакшылыктардын жышааны байкалган жыл болду деп айтсак болот. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул жылды «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» деп белгилеп, анын негизинде мурдагы жылдарга салыштырмалуу обу жок кыйкырып, элди дүрбөтүүнү көздөгөндөр азайды. Сырткы саясатта бир топ жетишкендиктер болуп атат. Алыскы араб өлкөлөрүнө чейин барып, бир кезде таптакыр тыйылып калган мамилени кайра оңдоп келди. Коңшулаш Казакстан, Россия менен мыкты мамилеге өттүк. Дүйнөдө биринчи жолу «Көчмөндөр оюндары» Кыргызстанда өттү. Бир гана катачылык тоо өнөр жайына анчейин олуттуу көңүл бурулбай жатат. Мына ушуга көбүрөөк көңүл бурсак, экономикабыздын алдыга жылышына бир топ салым болот эле.

– Алдыда келе турган жылы Кыргызстандын өнүгүү темпин жоготпошу үчүн кандай кадамдарга барсак туура болот деп ойлойсуз?

– Биринчиден, бул жылы башталган иштерди аягына чыгарыш керек. Коррупцияга каршы күрөштү токтотпош керек. Элибиз эл бузарлардын тилине алданбай, жол тосуу өңдүү өнөкөттөрдү токтотушу зарыл. Кыскасы ынтымак болсо, тынчтык болсо баары болот.