Домой Коом 8-август Орозо айт, 15-октябрь күнү Курман айт майрамы майрамдалат

8-август Орозо айт, 15-октябрь күнү Курман айт майрамы майрамдалат

19

орозо айтКыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык КР өкмөтү атайын чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү Орозо айт майрамы жана 15-октябрь күнү Курман айт майрамы майрамдалат.

Иш тартибиндеги уюмдар, мекемелер жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 9-август жана 14-октябрдагы иш күнү 17-августка жана 12-октябрга которулат.