Домой Саясат Ортого чок салгандар кимдер?

Ортого чок салгандар кимдер?

8

Адахан МадумаровБетине чүпүрөк жаап алып, бөө деп коркуткандар жайнап кетти. Айрыкча  Адахан Мадумаров менен Аскар Салымбековдун ортосуна “муздак жыланды”  соймоңдотуп жиберүүгө куштар болгондор ар кандай божомол- дөдөмөлдөрдү токушуп, кызыкка батып көз салып турушат. Алардын пикири боюнча бүтүнгө айланган бул партиянын келечеги бүдөмүк экен. Көзү ачыктык кылган кыйындар  шайлоодон булар кур жалак каларын  калжырашууда.

Мындай сандырак кептин маңызы жок экенин кайра-кайра айткандан партиянын тең төрагалары  жадап деле бүтүштү . Ага карабай жалган кепке чулганган имиштер токтогон жок. Тескерисинче  күчөп баратат. Ошентсе да  “Бүтүн Кыргызстан  Эмгек” партиясы күзгү шайлоого катуу даярдыктарды көрүп жатканын  бизге официалдуу түрдө билдиришти. Ал эми ортого “чагылган” таштоону көздөгөндөрдүн тилеги таш кабарын  да кыстара кетишти. Чамасы  чоң күчкө ээ болгон партиядан коркушкан атаандаштары  ар кайсы амалдарды колдонуп жатышса керек. Негизи  бул партиянын электораты күндөн-күнгө арбып баратканын байкоо кыйынчылык туудурбайт. Демек, айрымдардын тынч уктоосуна  бул жетишкендик кедергисин тийгизип жатканы  жашыруун эмес.

Айбат гезити №136