Домой Кылмыш Өрттөлгөн машинеде кикбоксер Руслан Абасовдун сөөгү табылды

Өрттөлгөн машинеде кикбоксер Руслан Абасовдун сөөгү табылды

3

Абасов РусланЧуй ОИИБнын маалыматы боюнча, бүгүн 27-март күнү саат 16:30дарда, Токмок шаарында машине күйүп кеткен. Ал машинеде болжол менен кикбоксер Руслан Абасовдун сөөгү табылган. Окуя болгон жерге келген тез жардамдын машинеси бир аял жана бир эркектин денесин алып кеткен. Бирок ОИИБ мушкердин өлүмүн расмий тастыктай элек. Аталган жерде саперлор, ОИИБнын жана УКМКнын кызматкерлери иштеп жатат.
«Гермес» каймана аты менен таанылган Руслан Абасов World Bars Kickboxing Federation (WBKF) версиясы боюнча эң оор салмактагы профессионалдар арасында кикбоксинг боюнча биринчи дүйнө чемпиону болгон.

Айбат гезити №71