Домой Саясат Орусия колдон келишинче эле колдоодо

Орусия колдон келишинче эле колдоодо

7

Нурсулуу АхметоваКыргыз-орус өнүктүрүү фондуна 3-транш менен которула турган 100 млн. доллар 1-июлда келип түштү. Бул тууралуу аталган фонд 1-июлда кабарлады.

Негизи алдын ала макулдашууга ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна 500 млн. доллар каражат Орусиядан бөлүнмөк. Анын 100 млн. доллары 2014-жылдын 31-декабрында Кыргызстанга келип түшкөн. Ал эми 50 млн. доллары апрелдин аягында которулса, 100 млн. доллары 1-июлда келип отурат. Аталган фонддун башчысы Нурсулуу Ахметова 2 жыл аралыгында бул каражат этап этабы менен иштетиле турганын айтууда. Кыскасы, орус тарап да өз убадаларында туруп, Кыргызстанды колдон келгенче колдоп жатат. Кечээ жакында эле 50 миңден ашуун жараныбызды кара тизмесинен чыгарып, Орусияда 30 күн каттоосу жок жүрүүгө жол ачылды. Демек, Кыргызстанда иш алдыга жылып, эки тараптуу жылуу мамиленин үзүрүн көрчү күн алыс эместей.

Айбат гезити №135