Домой Коом Орусияда 579 миң кыргызстандык эмгек мигранты катталган

Орусияда 579 миң кыргызстандык эмгек мигранты катталган

7

OLYMPUS DIGITAL CAMERAБул боюнча эмгек, миграция жана жаштар министринин орунбасары Бактыбек Исаков маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, Орусиянын эмгек рыногунда биздин жарандар абдани керек. Биздин бийлик алар кабылуучу көйгөйлөрдүн санын азайтууга кам көрүүдө. «Азыр мигранттар пенсия алуу укугунан ажыраган. Биз бул маселени чечүү үстүндө иштеп атабыз. Жакында өкмөт эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык жактан камсыздоо программасын кабыл алды. Биздин мигранттардын укугу алар иштеген өлкө жарандарынын укуктары менен теңелет. Биздин жарандарды мыйзамдуу түрдө кызматка орноштуруу – биздин негизги максатыбыз», – дейт өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы Нурийля Жолдошева.