Домой Коом Ош аэропортуна жүк терминалы курулат

Ош аэропортуна жүк терминалы курулат

3

Aeroflot airplane.

“Эл аралык “Манас” АККсы Ош аэропортуна жүк терминалын курууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн,12-июлда компаниянын биринчи вице-президенти Нурлан Мамыров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аэропортто өлкөдөн чыгып же кирип жаткан жүктөрдү кабыл алуучу терминалы болгон эмес.

Андан тышкары Ош аэропортун жакшыртуу долбоорунда учуу жана конуу тилкесин жакшыртуу шарты каралган. Бул иштер аткарылганда гана аэропорт азыр кабыл алынып жаткан 5 учакка кошуп дагы күнүнө 15-20 учакты кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми вице-президент “Манас” аэропортунун терминалы 100 миң тонна жүккө ылайыкташтырылгандыгы жана азырынча иштөө абалы жакшы экендигин айтты.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227282