Домой Коом Ош-Бишкек унаа жолу ачылды

Ош-Бишкек унаа жолу ачылды

1

1УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган Медер Үсөнов учурда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы жол тосулган аймакка келди. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын катышуучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, эки жеринен жабылган Ош-Бишкек унаа жолу учурда жол тосуучулар тарабынан ачылып, митингчилер тарап жатышат.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликке эгерде «Ата Журт» фракциясынын камалган үч депутаты 7-июнга чейин бошотулбаса, анда 8-июндан баштап жол кайрадан тосула тургандыгын билдиришти.